• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖАК Атамбаевди медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн министрликтин көрсөтмөсүн күтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди медициналык текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчүнө жооп келе элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, алар дагы деле жооп күтүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди кардиологиялык борборго текшерүүгө жөнөтүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын дарегине көрсөтмө берилиши керектигин билдирген.

Адвокат Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аракетсиздик болуп аткандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий