• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакиев: Ысык-Көл форумун өткөрүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыкты идея жана аянтча

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун III Ысык-Көл форумун өткөрүү демилгеси туура. Бул өлкөнүн имиджине оң таасирин тийгизе турган, маселелерди чечүүгө түрткү боло турчу аянтча. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев билдирди.

Жазуучунун айтымында, I Ысык-Көл форуму Чыңгыз Айтматов тарабынан уюштурулган. Аны өткөрүүгө дүйнөдөгү жалпы саясий абал себеп болгон.

“Белгилүү болгондой, ал жөнөкөй эмес убакыт болгон. Чоң өлкөлөрдүн ортосунда карама-каршылык байкалган. Согуштардын башталыш коркунучу пайда болгон. Ошондой эле экология, теңсиздик, ачкачылык жана башка глобалдык көйгөйлөрдүн пайда болуу коркунучтары болгон. Мындай абалдын фонунда Чыңгыз Айтматов аталган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издөө жана жөнгө салуу максатында I Ысык-Көл форумун өткөрүүнү сунуштаган. Анын идеясын Михаил Горбачёв колдоп, форум жогорку деңгээлде өткөн. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, ошол учурда форумдун идеясы Горбачёвго таандык деп айтышкан. Бирок чындыгында форумдун идеясы жана концепциясы Чыңгыз Айтматовго тиешелүү эле, Горбачёв жөн гана колдоо көрсөткөн”, - деди Жакиев.

Жакиев биринчи форумга дүйнө жүзүнөн залкар ойчулдар жана окумуштуулар келишкендигин билдирди.

“Анда регламент жок эле. Форумдун бардык катышуучулары өздөрүнүн тигил же бул маселе боюнча көз караштарын эркин айтышкан. Жыйынтыгында форумдун максаттарына жана милдеттерине жетишилген”, - деп билдирди эл жазуучусу.

Жакиев президент Сооронбай Жээнбековдун III Ысык-Көл форумун өткөрүү тууралуу идеясын колдоорун билдирди. Анын айтымында, форумду өткөрүү керек жана күн тартибинде дүйнөдөгү жана өлкөдөгү азыркы эң актуалдуу көйгөйлөр турушу абзел.

“Эң башкысы форумду жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Быйыл биз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатабыз. Анын мааракеси өтө турган жылы бийлик анын ишин улантууну каалап жатат. Эң башкысы форумдун ишине биздин жана башка өлкөлөрдөн күчтүү ойчулдар жана окумуштуулар катышуусу керек. Форумду илимий конференцияга айландырып жибербөө керектигин белгилеп кетким келет. Талкуу жандуу болуп, талкууланган маселелер актуалдуу болуусу өтө маанилүү”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн жазуучу.

Пикир

Оставить комментарий