• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакшы кабар! Бүгүн да коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 58 адам каза болду. Алардын ичинен 264 адам коронавирустан, 794 киши пневмониядан каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 128 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 587ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 726 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий