• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакшы кабар! Баткенде коронавирус жуктуруп алган 34 жаштагы келин айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Баткенде коронавирус жуктуруп алган 34 жаштагы келин айыкты. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келин бүгүн, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан чыгарылган.

"Бейтап буга чейин коронавирус диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Учурда абалы канааттандырарлык. Кайрадан алынган ПЧР-анализинин жыйынтыгы коронавирустун жок экендигин көрсөтүп, ал ооруканадан чыгарылды", - деп кошумчалашты министрликтин.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур аныкталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130 кишиге жетти. Буга чейин алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккандыгы айтылган. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавирус жуктургандардын ичинен 4 бейтап оор абалда жатат. Анын ичинен 1 бейтап жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда. Жалпы республика боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда жатат.

Пикир

Оставить комментарий