• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакшы кийинген кыргыз эмес, жакшы сүйлөгөн кыргыз үлгү болуш керек!

Коом 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. "Кыргыз тили астрономиянын, космостун тили. Муну ай-күн аталыштары ачыктап турат. Дегинкиси дүйнөлүк практикада тил жашап кетиши үчүн ошол тилде сүйлөгөн кишилердин эсеби жок дегенде 5 млн. болуш керек. Биз ошол алкактын айланасында турабыз", - дейт депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 14-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле депутат, - “Мамлекеттик иш чаралар кыргыз тилинде өткөрүлөт. Анан ошол эле мезгилде зарыл учурларда расмий тил дагы колдонулат,- деп жазылган. Ушул зарыл учурду тактап алуу биринчи кезектеги милдет болуп турат. Андан тышкары иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн милдеттүү так мөөнөтү аныкталмайынча, аракеттин текке кеткени ошол”,- деди.

23-сентябрь кыргыз тилинин мамлекеттик статуска ээ болгон күнү. Мына ушул датага арнап 1 млн. мектеп окуучуларынын арасында кыргыз тилинде тиешелүү тандалган тема боюча дилбаян жазуу сынагын өткөрүү керек. Мыктыларына кызыктыруучу байгелерди ыйгарып, жазылган баяндарды топтоп китеп кылып чыгарсак эмнеге болбосун? – деген сунушту көтөргөн депутат К.Иманалиев, - жакшы кийинген кыргыз эмес, жакшы сүйлөгөн кыргыз үлгү болуш керек, - дейт.

Уктурууга катышкан депутат Зиядин Жамалдинов,-“Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилине кайдыгер караган көз караш болбоого тийиш. Муну айттырбай түшүнгөн айрым өзбек мектептерге балдарын берген ата – энелер кыргыз класстарын ачууну суранышууда. Себеби, Өзбекстан латын арибине өтүп кеткен. Бул жакта жашаган өзбөк улутундагылар туруктуу жерин өзгөртпөсүн билип, кыргыз тилине болгон суроо-талап жогорулап жаткандыгын туура түшүнүшүүдө”, - дейт.

Компьютердик тутумга салынган 106 тилдин катарындагы кыргыз тилин канчалык колдонуучулар көп болсо, бул анын жашап кетүүсү үчүн жакшы. Ошол максатта Google тиркемесине кыргызча бир топ сөздөр кошумчаланган. Ал жерде канчалык көп сөздөр болсо бул котормонун сапатын арттырууга жакшы. Wikipedia системасына да 12 миң сөз айкаштарынан тартып макалаларга чейин топтолду. Ошондой эле SMS билдирүүлөрдү, социалдык тармактардагы пикир алышууларды көбүрөөк кыргыз тилинде жазган жакшы. Себеби, бул аркылуу компьютерге ошончолук кыргызча сөздөрдүн көп жыйналышына шарт түзүлөт. Электрондук сүйлөшмө сөздүктөр да даярдалды, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Медер Аким уулу.

Кыргыз тилин билүү деңгээлдери да “Кыргызтест” программасынын негизинде иштелип чыккан. Анын бир канча түрлөрү бар. Базалык, орто жана жогорку деңгээл деп таанылат. Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин ар бир ээлеп турган кызмат ордуна жараша билүүгө милдеттүү болгон атайын ылайыкталган деңгээлдер бар. Аны билүү парз. Себеби, кызмат бул мамлекетке кызмат кылуу. Кайсыл мамлекетке кызмат кылба анын тилин билүү кажет, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий