• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакшы тилектер, ыр-күүлөр жаңырып. Бишкекте "Ынтымак сүмөлөгү" кайнатылууда (видео)

Маданият 0


Бишкек, 20.03.23. /Мээрим Болотбектова - Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, “Дасмия” этнокомплексинде Нооруз майрамынын урматына “Ынтымак сүмөлөгү” аттуу апалардын сүмөлөк кайнатуу аземи өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депуттары, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, Кыргызстандын ар кайсы регионунан келген 71 айым, 200гө жакын балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана шаар тургундары катышууда.

"Ынтымак сүмөлөгүнүн" уюштуруучусу Элнура Кулуеванын айтымында, сүмөлөктүн көлөмү 1 тонна 200 литр болду.

Сүмөлөк түнкү саат 24:00гө чейин кайнатылып, 21-мартта Кыргызстандыктарга жана балдар үйүнө бекер таратылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий