• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жакшы жөрөлгө, ийгиликке өбөлгө: Ош жана Анжиян мугалимдери өз ара тажрыйба алмашууну башташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 02.09.22. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунда жайгашкан № 30 адистештирилген мектебинин базасында аталган облустун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн атайын семинар уюштурулуп, анда кыргызстандык мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кыргызстандык мугалимдерди жетектеп барган, Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга Анжиян облустук билим берүү башкармалыгынын усулчусу Махфуза Камбарова, Коргон-Төбө райондук билим берүү бөлүмүнөн Колдошбай Умаров, Умидахан Юсупова, Анжыян облусунун райондорунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышкан. Т. Досмуратовдун билдиришинче семинар төмөнкү программанын коштоосунда өткөн:

- Чынара Раимбекова (Ош билим берүү институтуту) - Кыргыз тили сабагын окутууда текст менен иштөөнүн заманбап усулдары;

- Мадина Асилбек кызы (Ош шаары, № 33 мектеп) – Кыргыз орфографиясындагы энчилүү аттардын жазылуу эрежелери;

- Нургүл Тайыр кызы (Ош шаары, “Олимп” мектеп-гимназиясы) – Көркөм чыгармаларды талдоодо адабият теориясынын орду;

- Өскөнбай Дилишатов (Кыргыз-Өзбек эл аралык университети) – Кыргыз тили жана адабияты мугалиминин сынчыл ойлом стратегиясы;

- Досмуратов Тынчтыкбек (Ош билим берүү институтуту) – Медиа жана маалыматтык сабаттуулук элементтерин кыргыз тили жана адабияты сабагында пайдалануу.

Эске сала кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстан мамлекетинин ортосундагы мамиле натыйжалуу жолго коюлгандан бери билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу жараяны да бир топ жакшырууда. Өзбекстанда 60ка жакын кыргыз орто мектептери бар.

Пикир

Оставить комментарий