• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакшы жаңылык! Акыркы суткада бир дагы медиктен коронавирус аныкталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада бир дагы медкызматкерден коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медик айыкты.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 496 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий