• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жакшы жаңылык! Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен бирөөсү эпидемиолог.

"Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкты. Статистика боюнча маалыматтар 20-апрелге карата киргизилет", - деп кошумчалашты штабдан.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чейин сутка ичинде дагы 3 бейтап коронавирустан айыгып чыккандыгын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлаган болчу.

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуккан жаңы 48 учур катталып, жалпы ооругандардын саны 554кө жетти. Алардын ичинен 134ү медицина кызматкери. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий