• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакшыртуу иштери жасалат. Дүйнөлүк банк "Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" музейлерине каражат бөлдү

Маданият 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасы жакшыртуу боюнча иштер жасалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Ош облусун жана Ош шаарын аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексиндеги бир катар инфраструктуралык обьекттерде оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Алсак, “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде:

- Тарыхый-археологиялык музейдин имараты, экспозициялык залдары;

- "Сулайман-Тоосунун" туристтик жолдору, жарыктандыруу жана автоунаа коюлучу жай ж.б;

- "Сулайман-Тоого" түндүк тарабынан чыгуучу жолду оңдоо;

- Коло доорундагы турак жай;

- Орто кылымдагы мончо;

- Асаб Ибн Бурхия мавзолейинин алдындагы аянт;

- Сулайман Тоо үңкүр музейи;

- Кол өнөрчүлөр көчөсү;

- Суу дарбаза тараптагы эс алуу багы ошондой эле, Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жаңы имаратын куруу каралган.

Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп жатат жана жумушчу топ менен биргеликте тыгыз иш алып баруу “Сулайман-Тоо” комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилди.

Ал эми долбоорду ишке ашыруу “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун чегинде жүргүзүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк банк "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине 4 млн доллар ал эми, "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык музейине 2 млн доллар каражат бөлдү.

Бул долбоор туристтерди, меймандарды жана зыяратчыларды сапаттуу тейлөө максатында кайра жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштерине багытталат.

Пикир

Оставить комментарий