• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖАКтын коомчулук менен байланыш боюнча секторунун башкы адиси Элеонора Шаршеналиева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Юстиция министрлиги оор жоготууга учурады.

2023-жылдын 25-мартында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын коомчулук менен байланыш боюнча секторунун башкы адиси Шаршеналиева Элеонора Досубаковна 49 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Элеонора Досубаковна 1973-жылы Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Бишкек гуманитардык институтун аяктап, "Заман Кыргызстан", "Дил" гезиттеринин редакциясында корреспондент болуп, Кыргыз улуттук "Кабар" телекоммуникация жана маалымат агенттигинин аналитикалык бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенген.

2006-жылы КР өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Үмүт" гезитинин инспектор-корреспонденти, редактору, басма сөз кызматынын улук инспектору болуп иштей баштаган.

2020-жылы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси болуп эмгектенген.

Элеонора Досубаковна кесипкөй адис, журналистика жактан компетенттүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер, жаза аткаруу кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка ээ инсан катары эсибизде сакталып калат.

Юстиция министрилигинин жана "Кабар" маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий