• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакын арада Ак-Ордо конушу электр энергия менен толук камсыздалат

Коом 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Жакын арада Ак-Ордо конушу электр энергия менен толук камсыздалат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы конушту электр энергиясы менен камсыздоо иштерин улантып жатат.

Бугу Эне жана Барчын көчөлөрүнүн кесилишинде трансформатордук көмөк чордону орнотулат. Ошондой эле 83 карагай орнотулуп, алар аркылуу тартылган кабелдердин узундугу 2,7 чакырымды түзөт.

Ушундай эле жумуштар башка конуштарда да жүрүп жатат. Жалпысынан сапаттуу электр энергиясы менен 12 конуш камсыздалат: Ак-Босого, Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Өргөө, Ак-Бата, Дордой, Ак-Тилек-2, Кайыңды, Учкун, Энесай, Рухий-Мурас жана Мурас-Ордо.

Алардын көбүндө иштерди 1-августка чейин бүткөрүү пландалууда. Ага кеткен каражат шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун наркы 67,5 млн. сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий