• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жакын арада Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштери белгиленүүдө – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 15-60 км чакырымындагы 45 км аралыктагы бөлүгүн оңдоо иштери 2017-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Бишкек-Ош унаа жолу өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарын бириктирген жана жүргүнчүлөр менен жүк ташуу жүргүзүлгөн жалгыз унаа жолу болуп саналат. “Акыркы жылдары жол кыймылынын өсүшү байкалууда, анын ичинде ири жүк ташуучу унаалардын көбөйүшү жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, айрыкча жаз-жай мезгилдеринде жолдун асфальт-бетон катмарынын бузулушуна алып келет. Бул тилкеде асфальт 1978-жылы төгүлгөн, андан бери 39 жыл өттү. Ошондой эле аба ырайынын жагымсыз шарттары кар, жаан, тоңуп жана ээрүү асфальт-бетон катмарынын алгачкы түрүн бузуп, жаракаларды, чуңкурларды пайда кылат. Бул унаа жолдун сапаттуу иштөөсүн кыскартат. Мындан эскирген жолдордо жүрүү унаалардын бузулушуна жана жада калса жол кырсыктарына да алып келет”, - деп белгилешти министрликтен.

Ошентип жолдун абалы жыл сайын начарлап, бузулат. Айрыкча бул жолдун 9-15 чакырымында 70-80%ы канааттандырарлык эмес абалда турат (5-10 см тереңдиктеги чуңкурлар). Ошондуктан унаа жолунун бул тилкесин сактап калуу үчүн Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын ДЭП-9 жумушчулары оңдоо иштерин баштайт. КР ТжЖМга караштуу ЖЧДнын башкы инженери Ж.Сооданбаев төрагалык кылган тармактар аралык комиссия түзүлүп, бул маселени чечүү 2 жолун карап жатат.

1-жолу: Учурдагы асфальт-бетон катмарын фрезерлөө жана эки катмар асфальт төшөө.

2-жолу: Өтө бузулган асфальт-бетон катмарларын фрезерлөө жана бир катмар асфальт төшөө, үстүңкү бодур катмарын жасоо.

Пикир

Оставить комментарий