• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакын арада спорттук шаарчанын эскиздик долбоору кабыл алынат – Арпачиев

Спорт 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бишкектеги спорттук шаарчанын курулуш иштери тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талабына жооп бере турган стадион курулат. Анын ичинде бассейн, муз аянтчасы жана машыгуу жерлери болот.

"Буга чейин спорттук шаарчанын курулушуна деп 12 гектар жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө дагы 14 гектар бөлүнүшү керек. Мамкурулуш жана мэрия тарабынан шаарчанын эскизин бекитүү үчүн комиссия түзүлгөн. Жакынкы арада эскиздик долбоор кабыл алынат. Иштер жүрүүдө", - дейт Арпачиев.

Эскерте кетсек, мурунку жылы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардын түштүк бөлүгүндө спорттук шаарчанын курулушуна 30 гектар жер бөлүнө турганы боюнча токтомго кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий