• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жакында ачык асман алдында “Мөңгү” кинофоруму башталат

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. “Мөңгү” этно-экологиялык тасмалардын эл аралык кинофорумунун башталышына 3 күн калды.

Иш-чара 3-6-сентябрь аралыгында “Кырчын” этношаарчасында өтөт.

Форумдун жүрүшүндө атайын кино боз үйлөр жана тасмаларды көрүү үчүн ачык асман алдындагы аянтча уюштурулат.

Максат – жаратылыш ресурстарын сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана биомаданий ар түрдүүлүк боюнча кыймылды колдоо.

“Биз ааламдашуунун планетабызга жана адамдардын жашоо сапатына тийгизген таасиринин оң жана терс жактарын көрсөткүбүз келип жатат. Биз үчүн көрүүчүлөрдүн козголгон маселенин масштабын сезгени маанилүү. Балким биз кинематограф алардын чечилишине жардам берерине күбө болобуз. Кинофорумдун алкагында көрүүчүлөргө мыкты кино чыгармалар көрсөтүлөт”, - деди КРнын кинематографисттер союзунун башчысы Таалайбек Кулмендеев.

Пикир

Оставить комментарий