• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакында “Бишкек” ЭЭАнын аймагында үч долбоор ишке кирет

Экономика 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Жакында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында үч долбоор ишке кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Бишкек” ЭЭЗдин башкы директорунун орун басары Манас Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, беш айда 125 млн сомго 16 ишкана менен инвестициялык келишим түзүлдү.

“2-3 айдан кийин жүндү кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүүнү пландап жатабыз. Ишкана жылына 100 тонна жүндү кайра иштетип, экспорто багыттамакчы. Бул 80 млн сомдук инвестициялык долбоор болуп саналат. Мындан тышкары, синтетикалык жүндөн кийиз жасоочу ишканабыз дагы иштөөгө даяр болуп турат, анын инвестициянын көлөмү 25 млн сомду түзөт. Ошондой эле кургак боек чыгаруу ишканасы дагы курулуп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий