• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакында Бишкекке жаңы электробустар жана чоң автобустар келет

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев “Биринчи радионун” эфиринен Бишкек үчүн качан жана канча автобус сатып алынары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Европа өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча, 250 чоң автобус сатылып алынат, анын ичинен 140ы 10,5 метрлик, 110у 12 метрлик болот. “140 автобусту сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюлган жана 2023-жылдын башынан тартып алар борбор калаага келе баштайт. Азия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 120 автобус сатып алуу пландалууда, тендер өттү, келишимге кол коюга даярданып жатабыз”, - деген ал үнөмдөлгөн каражатка дагы автобустар сатылып алынарын кошумчалады.

Нусувалиев белгилегендей, биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен коомдук транспортту сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү, бул каражатка 130 заманбап автобустар алынат. "Биринчи партия 1-ноябрда келет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий