• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакында Бишкекте 200 чымчыктын уясы орнотулат

Коом 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаанын сейил бактарына 200 уя орнотуу пландалууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери тарабынан 100 дөн ашык уя даярдалды. Жаздын башталышы менен уялар орнотула баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Уячалар бак-дарактардагы зыянкечтерди тазалоо үчүн канаттууларды тартуу максатында орнотулат. Бир күндүн ичинде канаттуулар бир нече зыянкечтерди жок кылуулары мүмкүн. Канаттууларды тартуу менен шаардагы экологиялык кырдаал жакшыртылат.

Бишкек шаарынын мэриясы канаттуулар үчүн уя орнотууну каалагандарды катышууга чакырат.

Мындан тышкары, 2017-жылы эмен, кара жыгач, каштан, жалпысынан 56 миӊ даракты зыянкечтерден тазалоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы - Токтобек Элгондиев. Телефон: 37-53-31.

Пикир

Оставить комментарий