• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жакында Бишкекте балдарды мектепке электрондук каттоо башталат

Билим 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-февралында Бишкек шаарындагы мектептерге 2021-2022-жылга 1-класска балдарды кабыл алуу боюнча электрондук каттоо ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жаңы окуу жылына 1-класска балдарды онлайн-каттатуу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/. сайтына кирүү керек.

Каттоо бир этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси, жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси, жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, каттоодон өз убагында өтүү үчүн зарыл документтердин электрондук вариантынын болушун камсыздоо керек:

  • Ата-энелердин биринин же билдирүү берип жаткан мыйзамдуу өкүлдүн паспорту;

  • Жашаган жеринен справка;

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Мэриянын дарегине балдарды электрондук кезекке каттоо боюнча көптөгөн суроолор келип, ага байланыштуу ата-энелердин бардык суроолоруна жооп берген жооптуу билим берүү кызматкери аныкталган.

  • Бишкек шаары боюнча – 613972, 612340.
  • Биринчи май району – 660689;

  • Ленин району – 656893;

  • Свердлов району – 536338;

  • Октябрь району – 511820.

  • Техникалык колдоо үчүн: 0706122211, 0776122211, 0556122211.

Пикир

Оставить комментарий