• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакында Бишкекте кыргыз-украин бизнес форумун уюштуруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушунун жүрүшүндө элчи соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң тенденцияларын белгилеп, эки өлкөнүн экспорттук потенциалын мындан ары жогорулатууну сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын органикалык продукцияларын Европага Украина аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 11-15-июлунда кыргыз-украин бизнес форумун уюштуруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий