• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакында Бишкектин көчөлөрүндө үй-жайсыз калгандар болбойт – Түлөбаев

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу брифинг учурунда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, шаарда “Коломтодон” башка баш калкалоочу жай болгон эмес.

“Бул көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Учурда Сауд Арабиянын фонддору менен үй-жайсыз 300гө жакын адамга ылайыкталган борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Борборду 2-3 жылдын ичинде куруу пландалууда. Бишкектин көчөлөрүндө үй-жайсыз калгандар болбойт. Борбордо алар үчүн медициналык жардам, тамак-аш каралып, психологдор иштешет. Биз бул адамдарды үй-бүлөлөрүнө жана коомго кайтарууга аракет кылабыз”, - дейт Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий