• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына ылайык, Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө.

Бүгүн калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видеобайкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышты.

Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Анын ичинен Ош — Бишкек автожолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.

Пикир

Оставить комментарий