• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакында КР судьяларынын XI курултайы өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы өтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеванын жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакында өтө турган курултай боюнча маселелер талкууланган. Андан тышкары, жүрүп жаткан сот-укуктук реформа, өлкөдө укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоону күчөтүү боюнча чаралар да каралган.

Гүлбара Калиева өлкөнүн 400гө жакын судьялары жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү катыша турган судьялардын курултайына даярдык боюнча маалымат берди.

Мамлекет башчысы алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайынын ишине ийгиликтерди каалап, жалпы судьялар корпусун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аркылуу өлкөнүн сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий