• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакында Кыргызстан балдарынын биринчи онлайн-саммити өтөт. Үч маселе талкууланат

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана өнөктөштөр менен Кыргызстан балдарынын биринчи онлайн-саммитин өткөрөт. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдайт.
⁣⁣⠀
Бүтүндөй өлкөдө балдар менен өспүрүмдөр аларды кабатыр кылган актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн онлайн режимде жолугушат. Саммиттин жүрүшүндө үч негизги маселе талкууланат: ⁣⁣⠀

1 - Бизди коронавирус эмнеге үйрөттү: карантиндин оӊ таасири жана балдар менен өспүрүмдөр бири-бирине кандай мамиле кылат, жана мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка жактардын эмгегин баалоо⁣;

2 - Балдар коопсуз чөйрөдө жашашы керек: зордук-зомбулук деген эмне, аны кантип алдын алса болот жана Кыргызстандагы зордук-зомбулукту жокко чыгаруу үчүн эмне кылыш керек;

3 - #АныМененБирге: кыздарга тиешелүү негизги көйгөйлөр, гендердик зомбулук жана жаш балдардын никеге турушу⁣.
⁣⁣⠀
"Кымбаттуу балдар жана өспүрүмдөр! Эгерде силер жогоруда айтылган маселелер боюнча өзүӊөрдүн ой-пикириӊерди билдиргиӊер келсе, Facebook, Twitter же Instagram аркылуу бөлүшсөӊүз болот:⁣⁣⠀видео-кайрылуу (максимум 1 минута)⁣⁣ же⁣⁣ сүрөт тартуу искусствосу аркылуу (тигил же бул теманы чагылдырып турган сүрөт, мини-скульптура)⁣⁣⠀@unicefkg деп белгилегенди унутпаӊыз⁣⁣. Биз сөзсүз ар бир видео жана сүрөттү карап чыгып, мыкты эмгектерди онлайн-саммит учурунда көрсөтүү үчүн тандап алабыз. Сиздердин иштериӊерди чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий