Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда Топ Лига жана Биринчи Лига командаларынын арасындагы футбол боюнча кышкы биринчилигине чучугулак тартылды. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан (КРФФ) билдиришти.
Мелдеш 12-январдан 9-февралга чейин уланат. Оюндар ишемби күндөрү өтүп турат.
Беттештер КРФФнын футбол борборунда жана "Спорт-Сити" спорт комплексинде (Кант шаары) өтөт.
Чучугулактын жыйынтыгы:
А тайпасы (Бишкек)
1. Илбирс
2. Академия
3. Абдыш-Ата
4. Дордой-2
В тайпасы (Кант)
1. Кара-Балта
2. Ысык-Көл
3. Илбирс-2
4. Абдыш-Ата - Наше
Пикир
Оставить комментарий