• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакында Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Жакында Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министрлигинин Ишкерликти тескөө башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева билдирди.

Анын айтымында, быйыл март айында өкмөт ишкерлерди тейлөө борборун ачууга макулдук берип, экономика министрлиги аны ишке ашырууга өткөн.

"Баарынан мурун, бул борборлорго баардык ишкерлер кайрыла алышат. Ал жерден аларга кеңеш берилип, бизнес-инкубатор, стартап жана бизнес окуулар тууралуу биле алышат. Борборлорду бирдиктүү терезе системасы менен иштетүүнү пландап жатабыз. Ишкерлер ошол жерден эле лицензия, уруксат кагаздарды ала алышат", - деди Кожомбердиева.

Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү "бизнес ачууга кандай документтер керектелет, эмнеден баштоо керек?" деген өңдүү суроолор менен кайрылып, Экономика министрлиги алар боюнча кеңеш берип келишет.

"Ишкерлерди тейлөө борборлору ишкерлерге бизнес-план жазууда, банктардан каржылык колдоо алууда да жардам берет. Бул жаш ишкерлер үчүн өтө маанилүү", - деди ал.

Ал аталган борборлор алгач Бишкек менен Ошто ачыларын белгиледи.

"Болочокто Ишкерлерди тейлөө борборлорун өлкөнүн ар бир калк жашаган пункттарында ачуу пландалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий