• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакында Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жүк келет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет.

Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий