• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакында Кыргызстанга жарым миллион медициналык беткап алып келинет

Ден соолук 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Жакынкы күндөрү өлкөгө жарым миллион медициналык беткап алып келинет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам Кыргызстандагы дарыкана жана фармацевтикалык компанияларды бир адамга 20дан ашпаган беткап сатууга чакырат.

Министрликтен белгилешкендей, бардык дары-дармек саткан түйүндөргө беткап жана аталган илдеттин жайылышына бөгөт койгон дары-дармектердин баасынын наркы көтөрүлбөөсүнө эскертүү берген.

"Россия, Казакстан жана Кытайдан алынып келинген беткаптардын убактылуу токтотулганына байланыштуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги беткаптарды Түркия, Корея, Индиядан алып келүүнү пландап жатат. Дүйшөмбү күнү өлкөгө 500 миң беткап алынып келинет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандан медициналык беткаптарды жана дары-дармектерди алып чыгууга тыюу салынууда.

Пикир

Оставить комментарий