• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакында Кытай менен чек арадагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Жакында Кытай менен чек арадагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштайт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишин эки өлкөнүн жүк ташуучулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

«Ал эми аталган көзөмөл-өткөрүү жайынын ачылышы жана иштеп баштоосу боюнча деталдуу маселелер эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан жакынкы күндөрү макулдашылат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий