• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакында мамлекеттик чек ара маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулар өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын чек ара маселелери такталууда. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселеси боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы эле башталган.

"Чек араны бүгүнкү күнгө чейин тактап, акырына чейин чыга элекпиз. Тажикстан менен болгон чек аранын 60%дан ашыгын такталды. 2020-жылы коронавируска байланыштуу сүйлөшүү токтоп калды. Акыркы жолу былтыр февраль айында сүйлөшүүлөр болгон. Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча эки тараптуу комиссиянын жолугушуусун уюштуралы деп жатабыз. Кыргызстан тараптан өкмөттүк делегацияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал дарыланып келсе, март айынын биринчи декадасында Тажикстан өлкөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, коюлган маселелерди чечкенге аракет кылабыз", - дейт ал.

Бөрүбаев Баткен облусунун Аксай, Көк-Таш айылдарында жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде жарандар шахматтык негизде жайгашып калганын айтат.

"Кыргыздар Тажикстандын жеринде, биздин жерде алардын тургундары жашап калган. Ал эми Өзбекстан боюнча, 2017-жылы 5-сентябрда президенттер кол коюп, чек аранын 1 миң 170 чакырым жери такталган. Ал жалпы чек аранын 85 пайызын түзөт. Бирок делимитация жумуштары бүткөнү менен демаркация иштери бүткөн эмес. Азыр демаркация иштерин бүтүрөйүн деп жатабыз", - деди Бөрүбаев.

Пикир

Оставить комментарий