• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакында Москвадан Бишкекке 72 саатта келген автобус каттамы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 20.09.17. /Кабар/. Москвадан Кыргызстандын борбору Бишкекке кетүүчү жаңы Эл аралык автобус каттамы 29-сентябрдан тарта ишке кире баштайт,-деп жазат “Москва” маалымат агенттиги.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 29-сентябрынан тарта жумасына эки ирет: дүйшөмбү жана жума күндөрү автобус каттап турат. Москванын Эл аралык “Түштүк дарбаза” авто бекетинен кечки саат 21:00 Бишкекти карай автобус жөнөйт. Болжолдуу жолдун убактысы 72 саат.

Москвадан Бишкекке чейин жол кире 4 миң 800 рубль., 12 жашка чейинки балдар үчүн – 2 миң 400 рубль (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо). Аларга өзүнчө орундук берилет.

Пикир

Оставить комментарий