• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакында Ош шаарында ипотекалык программанын алкагындагы үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Шаар башчысы Курманжан Датка көчөсүндө курулуп жаткан 80 батирлүү 9 кабаттуу үйдү жана Достук кичи районунда курулуп жаткан 90 батирлүү 9 кабаттуу үйдү көрүп чыккан.

«Баарыңыздар билгендей, учурда Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык компания тарабынан эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Планга ылайык Курманжан Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү көп кабаттуу үй кийинки жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Курулуш иштери кыш мезгилинде да жүргүзүлөт. Тактап айтканда, курулуштун ички иштери, терезелерди коюу, жылуулук системасына кошуу боюнча иштер жүрөт. Ош шаардык мэриясы тарабынан бардык керектүү каражаттар бөлүнүп берилген. Кийинки 90 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу ушул жылдын август айында башталган. Экинчи үйдүн курулушу 2022-жылдын март айына пландаштырылган. Учурда курулуш иштери мөөнөтүнөн мурда жүрүп жатат», - деди ал.

Анын айтымында, аталган эки үйдөн сырткары жакында 60 батирлүү үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Ал батирлер дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында берилет.

«Ошондой эле, кийинки жылы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында бериле турган дагы 2-3 көп батирлүү үйдүн курулушун баштоону пландап жатабыз. Бул үйлөрдү куруунун негизги максаты - муктаж болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, социалдык кызматкерлерди - мугалимдерди жана дарыгерлерди, жаш адистерди арзан турак жай менен камсыз кылуу », - деди Сарыбашов.

Ипотекалык турак жайдын батирлеринин бир чарчы метри 350 долларга бааланып, 12 жылдык мөөнөткө 4% менен берүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий