• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакында Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөөнү башташы мүмкүн

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жакынкы күндөрү КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнү башташы мүмкүн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, өткөн жумада өлкөгө Кытайда өндүрүлгөн коронавируска каршы Sinoharm вакцинасынын 150 миң дозадан турган биринчи партиясы келген. «Марттын аягы апрелдин башында эмдөө башталышы мүмкүн. Азырынча эмдөөнү баштоонун так күнү белгилене элек», - деп министрликтен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алгач ишке киргизүү баскычы башталарын белгиледи. Бул баскычта эмдөө Бишкекте, Чүй облусунда жана Ош шаарында жүргүзүлөт. Жалпысынан 9 эмдөө пункту уюштурулду: Бишкекте – 5, Чүй облусунда 2 жана Ошто – 2. Азыркы учурда ушул пункттарда иштей турган медицина кызматкерлери окутулууда.

Ведомстводон биринчилерден болуп медиктер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, кооптуу топко кирген өнөкөт оорулуу жарандар эмделерин белгилешти.

Саламаттык сактоо министрлиги вакцина ыктыярдуу боло тургандыгына өзгөчө көңүл бурду. Бирок эмдөөдөн өтүү коронавируска каршы күрөшүүнүн бирден-бир жолу экендигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий