• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакында Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсыл жерде өтөөрүн айтат

Саясат 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар тѳртүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын ѳткѳрүү боюнча Макулдашууга кол коюуга даяр экендигин белгилешкен.

"Министр М.Касапоглу жакынкы арада Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын өткөрүүнүн убактысын жана жерин билдире тургандыгын маалымдады. Элчи менен министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы спорт тармагында өз ара кызматташууга жана тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга келишти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий