• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакында укуктук жардамды үйдөн чыкпастан алса болот - Акжол Калбеков

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Жакында укуктук жардамды үйдөн чыкпастан алса болот. Бул тууралуу "Кабарда" өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтуусунда, аймактарга адистердин жетишсиздигинен укуктук жардам толугу менен берилбейт.

"Учурдагы биздин максат ар бир айыл өкмөтүндө юрист болуп, калкка укуктук жардам көрсөтүүсү. Мындан сырткары, биз мобилдик тиркеменин үстүнөн иштеп жатабыз. WhatsApp каналын ачып, ар бир жаранга үйдөн чыкпастан укуктук жардам көрсөтүүнү ишке ашыруудабыз", - деди ал.

Аталган борбордун директору жарандардын кайрылуусун эсепке алган электрондук системасынын алкагында пилоттук режимде долбоор иштеп жатканын айтат.

"Бул системага биздин баардык борборлор туташылган. Мындан улам алыскы аймакта жашаган адам жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана онлайн түрүндө биздин адистерибизге кайрыла алат", - деп белгилеп өттү Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий