• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жакындары чет жакта каза болгон кыргызстандыктар акчалай жардам ала алышат

Коом 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов чет жакта каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жеткирүүдө жардам кандай жол аркылуу көрсөтүлө тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын эсеби менен Кыргызстанга чет жактан каза болгон 278 КР жаранынын сөөгү келген. Алардын басымдуу бөлүгү Россиядан – 98%.

“КР өкмөтүнүн жаңы жарлыгына ылайык, КР жараны чет жакта каза болгон кезде (жүрүү себебине карабастан) бир жолку жардам көрсөтүү боюнча өзүнчө жол-жобоо бекитилген. Төлөмдү алуунун мөөнөтү мурда узак болчу. Азыр бардыгы жөнөкөйлөтүлдү, бир нече документ гана талап кылынат”,-деп билдирди ал.

Ал маалымдагандай, бир жолку жардамды алуу үчүн маркумдун жакын туугандары, жакындары КР Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кайрылышса болот.

Жардамдын өлчөмү 50 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий