• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакынкы 5 жылда бардык аймактар таза суу менен камсыз болот

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. “Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды.

“Азыр ушунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул долбоорлор боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштеп жатабыз. Мен таза суу көйгөйүн Сузак жергесинде да бар экенин билем. Район боюнча жалпысынан 30 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий