• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот – президент

Коом 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот, деп кошумчалады президент.

“Бул долбоорлорду каржылоого Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо күтүлүүдө”, - деди өлкө башчы.

"Ошондой эле Кытай жана Араб өлкөлөрү тарабынан да калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун каржылоого кызыгуу бар. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот, бул менин президенттикке талапкер катары айткан убадаларымдын бири", — деп эске салды Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий