• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жакынкы арада Кытай менен чек ара жүк ташууга ачылат деген ойдобуз - Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жакынкы арада Кытай менен чек ара жүк ташууга ачылат деген ойдобуз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, чек араны ачуу маселеси боюнча дээрлик эки жумадан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. “Биз кытай тарап менен чек араны жүк ташуу үчүн ачуу боюнча сүйөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Бул боюнча 27-мартта нота жөнөтүлгөн, ошондой эле кечээ бир катар расмий өкүлдөр катышкан видеоконференц байланыш менен сүйлөшүүлөр жургүзүлдү. Анын жыйынтыгында унаалардын кирип-чыгышы боюнча жаңы алгоритм иштелип чыкты. Биз сунуш киргиздик, азыркы убакта кытай тараптан жооп күтүүдөбүз ”, - деп кошумчалады ал.

Вице-премьер белгилегендей, жакынкы убакта Эркечтам өткөрүү бекети өз ишин баштайт деген үмүттөр чоң.

Белгилей кетсек, кыргыз-кытай чек арасы 23-январда жабылган.

Пикир

Оставить комментарий