• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жакынкы күндөрү Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушу жанданат

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушу жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жол куруу иштерин аткарып жаткан "Азвирт" компаниясынын жана КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында облус башчысы жумуш иштери белгиленген графиктен артта жүрүп жатканын, аталган тилке Ош-Бишкек жолунун негизги каттамы да болгондуктан казылган жол жергиликтүү тургундарга жана автоунаа айдоочуларына кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.

Жыйында жумуш аткаруудагы бир катар маселелер талкууланып, өкүл жаралган көйгөйлөр боюнча аткаруучу компанияга кайрылууларын айтып, тез аранын ичинде курулуштарды жандантып, иштин жүрүшү боюнча ар 15 күн сайын маалымат берип турууну тапшырды.

"Азвирт" компаниясынын директору Чыңгыз Бахишивдин айтымында, азыркы учурда аба-ырайынын жаан-чачындуу болуп жатканынан улам жумуш иштери токтоп турат. Ал атайын техникалар жана асфальттоого керектелүүчү каражаттардын баары даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Маданият-Жалал-Абад жолу облустун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондору аркылуу 27 калктуу конуштун 39 чакырым аралыгынан өтөт. Жолдун жумуш аткарылуучу жалпы узундугу 60 чакырымды түзөт. Жол оңдоо Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 2022-жылдын июнь айында бүткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий