• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Бүгүн, 14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда,Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 15-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

15-майда күндүз, 16-17-май күндөрү жана 18-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-майда күндүз жана 16-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-майда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондодо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 19-20-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий