• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жакынкы жылдары чек ара маселесин толугу менен чечкенге аракет кылабыз – Жээнбеков

Президент 0


Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Жакынкы жылдары чек ара маселесин толугу менен чечкенге аракет кылабыз,-деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Исфана жана Сокулук шаарларынын тургундары менен жолугушуу маалында.

Мамлекет башчысы тышкы саясат тууралуу кеп кылып жатып, коңшу мамлекеттерге болгон сапары тууралуу айтып берди.

“Көптөгөн маселелер анын ичинде чек ара маселеси боюнча суроолор оң жагына чечилди. Өзбекстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланууда, Тажикстан менен болсо жигердүү сүйлөшүүлөр болду, булардын бардыгы келечекте чек ара жана башка маселерди чечүүгө өбөлгө болду”,-деп билдирди президент.

Жээнбеков чек ара чыр-чатак үчүн эмес элдердин достугуна өбөлгө түзө турган негиз болушу керектигин эсе салды. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча чек ара маселеси бир гана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет.

Пикир

Оставить комментарий