• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жакынкы жылдары Ошто үч эл аралык ири туристтик иш-чара өтөт

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Жакынкы жылдары Ош шаарында “Silk Road FEST”, “Silk Road EXPO”, “Silk Road GAMES” эл аралык ири туристтик иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 14-майда Чолпон-Ата шаарынын Ч. Айтматов атындагы маданий-этнографиялык комплексинде “Кыргыз Республикасынын аймактарынын туризм тармагын өнүктүрүү” аттуу туристтик бизнес-форум өттү.

Форумда Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Максатбек Орозалиев “Ош – Улуу Жибек Жолунун туристтик провайдери” аттуу презентация жасап, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана шаар тургундарынын атынан куттуктады. Ага улай байыркы Ош шаарынын жакынкы жылдарда туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолду.

“Ош шаарынын мэриясы жакынкы жылдарда Улуу Жибек Жолунун алкагында эл аралык туристтик иш-чараларды - "Silk Road FEST", "Silk Road EXPO", "Silk Road GAMES" өткөрүү милдетин койду. Бул иш-чаралар Ош шаарынын дүйнөлүк туризм рыногундагы позициясын бекемдөө жана шаарга 100 000 адамга чейин чет элдик туристтик агымды тартууга багытталган. Бардык аракеттердин артында шаар мэриясы туризмден түшкөн кирешени жылына 800 миллион сомго чейин жогорулатууну жана Ош шаарын Улуу Жибек жолундагы негизги туристтик векторлордун бирине айландырууну пландаштырууда”, - деп белгиледи М. Орозалиев.

Бүгүнкү форумдун максаты – туризмди өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү, туристтик компаниялардын ортосунда байланыштарды түзүү жана карым-катнашты өнүктүрүү, туристтик потенциалды жайылтуу, инвестиция тартуу.

Пикир

Оставить комментарий