• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз! Марипов кыргызстандыктарга кайрылды

Өкмөт 0


Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. COVID-19 пандемиясы шартында ар бир жаран өз жакындарынын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билиши керек, бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө анын салымы болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча маселелер жана илдеттин өсүшүнө саламаттыкты сактоо системасынын даярдыгы каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы жарандарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу жарандар, бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети баардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ошону менен бирге, ар бирибиз жакындарыбыздын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы “кара июль” кандай болгондугун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин ден-соолугу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектетиңиз», – деп Улукбек Марипов, кыргызстандыктарга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Пикир

Оставить комментарий