• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Жал» кичирайонундагы 29 үй аварияга байланыштуу ысык суусуз калды

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бишкектеги «Жал» кичирайонунда 29 үй аварияга байланыштуу ысык суусуз калды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн түнү жылытуу тармагындагы авариянын кесепетинен «Жал» кичи районундагы 29 үй ысык суусуз калган.

«Авария болгон жерде «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын оңдоо тобу бардык зарыл техникалар менен иш алып барышууда. Кырсык бир нече сааттын аралыгында жоюлат»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгасыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий