• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөндөргө айып салынат

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Жалал-Абадда 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөндөргө айыппул салынат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы сентябрь айына чейин транспорт, турак-үй, батир жана жер салыгын төлөөнү эскертет. Өз убагында төлөбөгөндөр административдик жазага тартылат.

“Бүгүн бул багытта Жалал-Абад шаарында Салык кызматы аймактык башкармалыктар, кондоминиумдар менен биргеликте жыйын өткөрдү. Анда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кол кабыш кылып, бирге иш алып барууну сунушталды. Үй башчылары жашоочуларга салык төлөөнү кечиктирбөө боюнча маалымат жеткиришет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандай алат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий