• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда рейд учурунда 10 өспүрүм оор жумушка тартылганы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Өспүрүм-эмгек, селсаяк, тилемчи” аталышындагы түнкү рейд өттү.

Шаардык мэриядан белгилешкендей, ага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын башчылары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

"Рейд кечки саат 20:00дө башталып, эс алуучу жайлар, компьютердик клубдар, кафе-барлар, тойканалар текшерилди. Жыйынтыгында жашы 18ге толо элек 10 өспүрүмдүн унаа жуучу, унаа оңдоочу жана кафелерде официант болуп иштеп жатканы аныкталып, жумуш берүүчү тараптарга эскертүүлөр берилди. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн ата-энелерине, жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунан келгендер. Жашы жете электердин жумушка тартылуусунун алдын алуу максатында алдыда мындай текшерүү иши улантылат.

Пикир

Оставить комментарий