• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: 300 түп көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад шаарында 300 түп павловния көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көчөттөр Жамашев, Азимов, Айткулов көчөлөрүнүн боюна, Тайгараев аймактык башкармалыгына жана мектептердин короосуна отургузулду.

"Аны менен катар ишембиликтин алкагында каналдар тазаланып, акыр-чикирлерден арылуу иштери жүрдү. Массалык ишембиликке тургундар, мекеме-ишканалар активдүү катышууда. Ар ишемби сайын калаа башчы да жашоочулар менен чогуу ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин көзөмөлдөп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий