• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: Абал курч аймактарда чектөөлөр күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда эпидкырдаал курч аймактарда чектөөлөр күчөтүлөт. Бул туурасында облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ыкчам штабдын онлайн жыйынында билдирген.

Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Сузак, Аксы жана Ала-Бука райондорундагы коронавирус жуккан жаңы учурлар катталып жаткандыгы себеп болгон.

Онлайн жыйында облус башчысы район-шаарлардын жетекчилерине медиктердин көрсөтмөлөрүнө ылайык күчөтүлгөн тартипте натыйжалуу иш алып баруу керектигин айткан. Оору катталган даректерди тактоо менен ага карата карантиндик чектөөлөрдү кабыл алуу тапшырмасын берди. Ага кошумча башка аймактарда чакыруулардын саны азайгандыктан, мобилдүү топторду кыскартуу керектигин билдирди.

Жалал-Абад облусунда жалпы 4 миң 42 адамга коронавирус жуккан. Анын 3 миң 221и стационарларда, ал эми 821 оорулууга үй шартында (амбулатордук) дарылоо жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий