• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад аймагында калктын 80-85%ы санариптен пайдаланышат

Аймак 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Жалал-Абад шаарында калктын 80-85 пайызы санариптен пайдаланышат. Аталган аймактарда керектөөчүлөр азырынча телевизордон 32 каналды көрүшүүдө. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардын активинин катышуусу менен санарипке өтүү маселеси боюнча жыйын болуп, анда бул тармакты тейлеген жетекчилер жана адистер шаардыктар менен баарлашып, бул процесстеги ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду.

Э.Аматов ушул кезге чейинки аткарылып келген аракеттер тууралуу айтып, Жалал-Абад областынын бир катар аймактарында, анын ичинде Жалал-Абад шаарында калктын басымдуу көпчүлүгү санариптен пайдаланып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле, болуп жаткан кыйынчылыктарды четтетуу боюнча аймактардагы “Кыргызтелеком” ишканаларынын адистери техникалык кеп-кеңештерди, практикалык жардамдарды бере алышарын билдирди. Мисалы, көп кабаттуу үйлөр бир эле антеннага бардык батирлерди туташтырып алышса болорлугу айтылды. Мында тиешелүү адистер тургундарга жардам берүүгө даяр. Ал эми антенналарды тандоодо дециметрлик диапазондогу антенналарды алуу зарылдыгы да айтылды.

Жолгушуунун катышуучулары тоолуу аймактардагы аз түтүн жашаган айылдарда санарипти пайдалануу кандай чечиле турганына кызыгышты жана жоопторду алышты. Келген коноктор Жалал-Абад областында алыскы 60 айылдарга техникалык жардам берүү жагы пландалганын түшундүрүштү. Азырынча ал айылдарда телевизорлор 13 гана каналдан тартып жатат.

Пикир

Оставить комментарий